USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наамы ыйгарылды

14:04, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу сыйлыкты анын уулу Абдулла Жалиловго тапшырды.

Наам Чубак ажы Жалиловго диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле кыргыз элинин маданий жана диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн каза болгондон кийин берилди.

Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наамы ыйгарылды

Чубак ажы Жалилов — белгилүү кыргыз дин ишмери, аалым жана педагог. Ал 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Кыргызстандагы Азирети Умар атындагы Ислам университетин бүтүрүп, кийин Сауд Арабиясында араб тили жана фикх боюнча билим алган.

2008—2010-жылдары КМДБнын фатва бөлүмүн жетектеп, 2010—2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болгон. Кызматтан кеткенден кийин диний агартуу иштерин улантып, лекция жана баяндарды окуган.

Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда каза болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18