Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1,4 миллиард долларды түзөт
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1,4 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту талкуулоо учурунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Ал эл өкүлү Исманали Жороевдин «инфографикага ылайык КРнын карызы 2017-жылдан бери өсүп жатканы жана бул эмнеге байланыштуу» деген суроосуна ушундай жооп берди.
Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, Кытай Эл Республикасына болгон карыздын суммасы мурда бардык карыздардын 40 пайызына чейин жетчү.
«Кийинчерээк ал 27 пайызга чейин төмөндөгөн. Белгилеп кетким келет, 2020-жылга чейин бул карыз өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн 90-100 пайызына жакынын түзгөн. Азыр биз ушул жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча анализ жүргүздүк, Кытайга болгон карыздын суммасы өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн 16 пайызын гана түзөрүн белгилегибиз келет. Башкача айтканда, биз бүгүн бардык карызды эч кандай көйгөйсүз төлөп кутула алмакпыз, бирок төлөө мөөнөттөрүн сактап, карыздан этап-этабы менен арылуу жакшыраак, Кыргызстан дал ушундай кылып жатат», — деп белгиледи ал.
Министрдин орун басары азыркы тапта бардык кредиттер өнүгүү үчүн гана алынып жатканын жана экономиканын өсүшү менен гана байланыштуу экенин кошумчалады.
«Карызды төлөөгө 77 миллиард сом багытталды, анын 70 пайызы — тышкы карыз. Учурда бизде мөөнөтү өтүп кеткен карыз деген түшүнүк жок. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн кредит алуудан коркпош керек», — деди ал.