Пайдалуу кеңеш: Диетолог күнүнө канча бал жесе болорун айтты
Табигый бал гана пайдалуу, ал эми дүкөндөн сатылып алынганы ар кандай жасалма кошулмаларды камтышы мүмкүн, алар организмге зыян келтирет, — деп билдирди aif.ru сайтына берген эксклюзивдүү маегинде диетолог Антон Поляков.

Адис дүкөндөрдөгү кээ бир таттуулар, мисалы, коюулатылган сүт, джем жана кыям тиштин абалын олуттуу начарлатып, ашыкча салмакка алып келерин белгиледи.
«Эгер биз табигый бал жөнүндө айтсак, бул пайдалуу продукт. Ал өзүнө бардык керектүү азык заттарды камтыйт. Коюулатылган сүт менен джемди десерт катары же негизги тамактан кийин 1-2 кашыктан жеш сунушталса, балды андан көбүрөөк жесе болот. Мунун баары адамдын ден соолугунун абалынан көз каранды. Айрым ооруларда жана инфекциялык процесстерде бал микробдорду өлтүрүүчү каражат катары пайдалуу болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү диетолог.
Дени сак чоң киши үчүн күнүнө бал жештин коопсуз нормасы — 20–50 грамм (бул болжол менен 1-2 аш кашык). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана тамактануу боюнча улуттук ассоциациялар да күнүмдүк норманы 50 граммдан ашырбоону сунушташат.