Футбол калыстарынын бир нече муунун тарбиялаган Виктор Колпаков дүйнөдөн кайтты
Таанымал футбол калысы, инспектор жана инструктор Виктор Колпаков 68 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Виктор Юрьевич өмүрүнүн көп жылдарын футболго арнаган. Анын калыстык карьерасы 1979-жылы, 21 жашында башталган. Эки жылдан кийин СССРдин республикалык категориясына ээ болгон. Ал эми 1983-жылдан тартып СССРдин 1- жана 2-лигаларынын, ошондой эле СССР чемпиондугунун буфердик зонасынын мелдештеринде калыстык кылган.

Виктор Колпаковдун кесиптик ишмердүүлүгүндө эл аралык деңгээлдеги ишмердиги өзгөчө орунду ээлейт. 1994—2004-жылдары Кыргызстандын атынан ФИФА калысы болуп, өлкөбүздү эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүк кылган.
1997-жылдан тартып Виктор Юрьевич улуттук мелдештерде инспекторлук кылып, футболдук калыстар үчүн семинарларды жана окуу курстарын өткөргөн. Анын бай тажрыйбасы калыстардын жаңы муунун даярдоодо чоң мааниге ээ болгон.
2006-жылы АФКнын инспектору болуп дайындалып, 2007-жылдан тартып АФКнын мелдештеринде инструктор катары иш алып барган. 2008—2013-жылдары ФИФАнын инструктору болуп эмгектенген.
Виктор Юрьевич Бинаретдин Султанбаев атындагы калыстарды даярдоо мектебин жетектеп, калыстардын бир нече муунун даярдоого түздөн-түз салым кошкон.
Виктор Юрьевичтин футболдогу эң чоң мурасы — анын шакирттери. Ал көп жылдар бою жаш калыстарга өзүнүн билимин жана тажрыйбасын өткөрүп берип, алардын кесиптик жактан өсүшүнө жана эл аралык деңгээлге чыгышына көмөк көрсөткөн. Анын устаттыгы астында улуттук чемпионаттарда жана континенталдык мелдештерде калыстык кылган бүтүндөй бир муун калыптанган. Анын калыстарды даярдоого кошкон салымы Кыргызстандын чегинен чыгып, Азиянын ар түрдүү өлкөлөрүнүн калыстарын даярдоого да багытталган.
Кыргыз футболу үчүн Виктор Колпаков жөн гана тажрыйбалуу калыс жана инструктор эмес, өзүнүн кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу жана футболго болгон берилгендиги менен көптөгөн муундарга үлгү болгон чыныгы устат эле.
Кыргыз футбол биримдиги Виктор Юрьевич Колпаковдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине жана аны тааныган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтат.