Индонезияда кеме чөктү: 243 кишинин 130у дайынсыз болууда
Индонезия жээгиндеги Ява деңизинде кеменин чөгүшүнөн алты киши каза тапты. Дагы 130га чукул адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Кемеде жалпысынан 213 жүргүнчү жана экипаждын 30 мүчөсү болгон. 107 адамды куткарууга мүмкүн болду. Virgo Transport 8 парому Индонезиянын Ява жана Борнео аралдарынын ортосунда каттап жаткан. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кеме шамалга кабылып, оодарылып кеткен. Кырсык белгисин берердин алдында капитан бийиктиги 3 метрге жеткен толкундар тууралуу билдирген.
Куткаруу операциясына бир катар кемелер, анын ичинде аскердик кеме жана вертолет катышууда. «Тик учак менен абадан жүргүзүлгөн чалгындоо маалыматтарына таянсак, кеме оодарылып кеткен, бирок чөккөн эмес. Саат 15.00гө карата ал сууга толук чөгө элек болчу, бирок оодарылган абалда турган», — деп билдирди Индонезиянын Транспорт министрлигинин башчысы Дуди Пурвагандхи.
Эске салсак, кеме жергиликтүү убакыт боюнча 13-сентябрга караган түнү радардан жоголгон. Индонезиянын куткаруу башкармалыгы кеме Басирих жээгинен 80 деңиз мили алыстыкта турганда байланыш үзүлгөнүн кабарлаган.