USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы сейил бак ачылды

08:04, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңеш, тургундар катышты. Калаа башчысы тургундар үчүн эстелик тактайчасын орнотуп, жарыктандырууга старт берди.

Жолон Мамытов атындагы сквер Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен атайын инсталяция, атайын жарыктандыруу, балдар аянтчасы, воркаут зонасы бар.

Белгилей кетсек, бул алты айдын ичинде ачылган отузунчу сквер болуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18