USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

07:05, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоону, таланттуу жаштарды колдоону, ошондой эле өлкөдө шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3—5-класстын окуучулары үчүн пилоттук негизде «Мектептердеги шахмат» долбоору ишке ашырылууда.

«Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөткөн спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшөт деп ишенем», — деди ал.

 Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев шахмат тактасында биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишине расмий старт берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18