USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров жубайы менен жаңыланган «Манас Ордо» комплексине барды

15:51, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Таласта «Манас Ордо» улуттук комплексинин жаңыланган жана жаңы курулган объектилеринин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.

Меймандарга «Манас» эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтмө тартууланды. Майрамдык программаны төкмө акындар улантышты.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, «Манас Ордо» комплексин жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук духту, биримдикти жана муундардын байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенине токтолду.

Реконструкциядан кийин «Манас» музейинин аянты 1 миң 90 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Экспозиция келүүчүлөрдү «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпостору менен тааныштырат. Анда санариптик жана голографиялык технологиялар колдонулат.

Комплекстин аймагында 200 орундуу конгресс-холл, Зыяратчылар үйү, беш коттедж, банкеттик зал жана административдик корпус курулду. Спорттук жана маданий иш-чаралар үчүн 3 миң көрүүчүгө ылайыкталган жабык трибуна жаңыланып, сувенирдик дүкөндөр ачылды.

Буга чейин Садыр Жапаров комплексти реконструкциялоого бюджеттен 1,4 миллиард сом багытталганын билдирген.

«Манас Ордонун» тарыхы 1976-жылы Манастын күмбөзүнүн жанында түзүлгөн адабий-этнографиялык музейден башталган. 2001-жылы комплекс улуттук макам алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18