USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Америкалыктар миллиардерлер рейтингинде биринчи жолу алдыңкы 10 орунга чыкты

14:43, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда, люкс буюмдар тармагындагы француз магнаты Бернар Арно дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарынан чыгып, ордун байлыгы 144 миллиард долларга бааланган 96 жаштагы инвестор Уоррен Баффетке бошотуп берген.

Рейтингдин көч башында чоң айырмачылык менен ишкер Илон Маск турат (919 миллиард доллар).

Экинчи орунда Google компаниясынын кош негиздөөчүсү Ларри Пейдж (286 миллиард доллар), ал эми лидерлердин үчилтигин Amazon негиздөөчүсү Джефф Безос (274 миллиард доллар) бекитти.

4-орундан 10-орунга чейинки орундарды төмөндөгүлөр ээледи:

  • Google кош негиздөөчүсү Сергей Брин (266 миллиард доллар);
  • Dell компаниясынын негиздөөчүсү Майкл Делл (245 миллиард доллар);
  • Meta корпорациясынын башчысы Марк Цукерберг (229 миллиард доллар);
  • Oracle кош негиздөөчүсү Ларри Эллисон (208 миллиард доллар);
  • Nvidia компаниясынын башкы директору Дженсен Хуанг (181 миллиард доллар);
  • Microsoft компаниясынын мурдагы гендиректору Стив Балмер (172 миллиард доллар).

Жалпысынан дүйнөдөгү миллиардерлердин саны рекорддук 3 миң 795 адамга жетти. Алардын жалпы байлыгы 15,1 триллион долларга бааланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18