Таластагы «Манас Ордону» реконструкциялоого бюджеттен 1,4 миллиард сом сарпталды
«Манас Ордо» улуттук комплексин жаңылоого мамлекеттик бюджеттен 1,4 миллиард сом багытталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунда комплекс аймагындагы жаңы объекттердин ачылышында билдирди.
Анын айтымында, реконструкция «Манас Ордону» тарыхый мурас менен жаңы технологияларды айкалыштырган заманбап музей комплексине айлантууга тийиш. Аймакта мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралар үчүн чоң зал, көп функциялуу административдик корпус, зыяратчылар үчүн үй жана каада-салт тамактарын өткөрүүчү жай — түлөөкана курулду.
Музейдин аянты 700дөн 1 миң 90 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Келүүчүлөр үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен экскурсиялар каралган.
Мамлекет башчысы жолдордун, мектептердин, ооруканалардын жана өнөр жай ишканаларынын курулушу өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын чыңдаарын белгиледи. Бирок, анын пикиринде, руханий мурас менен тарыхый эстутумга көңүл бурулбаса, өнүгүү толук кандуу болбойт.
Садыр Жапаров маданий мурастарды сактоону жана кийинки муундарга өткөрүп берүүнү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири деп атады. Ал жаңыланган комплекс жаштар өлкөнүн тарыхы тууралуу кененирээк биле турган жайга айланат деген үмүтүн билдирди. Бүгүн Талас облусунда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө.


