Түштүк Кореянын президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин Сеулга чакырды
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён бүгүн, 11-сентябрда Сеулдагы саммитте Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулай турганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters кабарлайт.
Сеулда 16-сентябрда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлеринин катышуусунда көп тараптуу сүйлөшүүлөр өтөрү көрсөтүлгөн.

«Саммиттин жардамы менен Түштүк Корея менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги көп тараптуу кызматташтыктын эсебинен чыңалат. Биз жүргүзүп жаткан «Жаңы түндүк саясаты» жаңы импульс алат деп күтөм», — деди Ли Чжэ Мён.
«Жаңы түндүк саясаты» — Түштүк Кореянын 2017-жылы иштелип чыккан стратегиялык багыты. Ал Чыгыш Европа жана Түндүк Евразия мамлекеттери (анын ичинде Россия, Монголия, Борбор Азия) менен кызматташтыкты кеңейтүүнү карайт. Жалпы сүйлөшүүлөргө чейин 14-16-сентябрга пландаштырылган бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.
Сеулдагы саммит Түштүк Корея менен Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин ортосунда, эң оболу экономикалык жана энергетикалык маселелерге арналган лидерлер деңгээлиндеги биринчи жолугушуу болуп калмакчы.