USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Талас шаарында 4 миң 500 кишилик төрт кабаттуу мечит ачылды

12:05, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты.

Борбордук мечит шаардагы ири руханий борборлордун бири болуп, жергиликтүү тургундар жана шаарга келген коноктор үчүн маанилүү жайга айланат. Төрт кабаттуу имарат бир учурда 4 500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган.

Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын жабдылышы менен таанышып чыкты.

Аземдин соңунда мечитте намаз окулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18