USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Эркектердин ден соолугу үчүн пайдалуу азыктар аталды

11:40, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Томаттар, деңиз балыгы, ашкабак үрөнү, жаңгактар жана цинкке, селенге, омега-3кө бай башка азыктар эркектердин ден соолугун чыңдоого жардам берет. Бул тууралуу «Москва 24» телеканалына Тамактануу жана биотехнология федералдык изилдөө борборунун дарыгер-диетологу Татьяна Залетова айтып берди.

Адис цинк менен селендин булагы катары деңиз азыктарын, ашкабак үрөнүн, уй этин жана боорду, жумуртканы, грек жана бразилия жаңгактарын атады. Бул микроэлементтер тестостерондун иштелип чыгышы жана сперманын сапаты үчүн маанилүү.

Ошондой эле рационго лосось, скумбрия, сардина жана тунец сыяктуу майлуу деңиз балыктарын үзгүлтүксүз кошуу керек. Алардын курамындагы омега-3 май кислоталары нормалдуу микроциркуляцияга жана сперматозоиддердин кыймылдуулугуна өбөлгө түзөт.

Залетова помидорду, өзгөчө дымдалган же бышырылган түрүн, ошондой эле брокколи, гүл капуста жана шпинатты жеп турууну сунуштады. Кун сайынаш тизмеде татаал көмүрсуулар жана клетчатка болушу керек, алардын булагы катары гречка, киноа, күрөң күрүч жана буурчак өсүмдүктөрү кызмат кыла алат.

Муну менен катар диетолог иштетилген этти, анын ичинде сосиска менен колбасаны чектөөнү, ошондой эле сырадан баш тартууну сунуштайт. Адис кадимки суунун зарыл көлөмүн күнүнө 1,5-2 литр деп баалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18