USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Таласка 30 электробус берилди. Алар жакынкы айылдарга да каттайт

11:22, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Электробустарды үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларга керектүү кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн «Талас автобекети» мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалды.

Учурда Талас шаарынын ичинде, ошондой эле шаарга жакын жайгашкан айылдарга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы каттамдардын схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда.

Жаңы электробустардын ишке кириши коомдук транспорттун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, калкты транспорт менен тейлөөнү жакшыртат жана жүргүнчүлөр үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18