Кыргызстандын бажычылары үчүн 170 планшет сатылып алынат: Тендер жарыяланды
Кыргызстандын бажычылары үчүн 170 корголгон планшет сатылып алынат. «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тийиштүү билдирмени мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырды.
Чыгымдардын суммасы 10,2 миллион сом өлчөмүндө пландалууда. Мамлекеттик бажы кызматына талаа шарттарында иштөө үчүн чакан корголгон планшеттер керек экени белгиленет. Түзмөктөрдүн экраны 8 дюйм болуп, 5G мобилдик тармагын колдошу, Android 14 же андан жогорку версияда иштеши жана кеминде беш жыл коопсуздук жаңыртууларын алып турушу зарыл.
Ошондой эле планшеттер 1 метр бийиктиктен кулаганга туруктуу болушу, MIL-STD 810G стандартына ылайык келиши, IP68 коргоо даражасына ээ болушу жана −20 градустан +55 градуска чейинки температурада иштеши керек.
Бир планшеттин эсептелген баасы 60 миң сомду түзөт. Билдирмелер 2026-жылдын 22-сентябрына чейин кабыл алынат.