Бишкекте жана Балыкчыга баруучу трассада жол камералары иштей баштады
11-сентябрдан тарта Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда Жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөгөн стационардык камералар толугу менен иштей баштады.
Алар үч тилкеде орнотулган:
Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү, 114/2;
«Биримдик-Кут-3» конушу, Калинин көчөсү;
Бишкек — Балыкчы трассасы, 157-километр 700-метр.
Камералар ылдамдык режимин ашууну, коопсуздук курун тагуу талаптарын жана жол чийиндерин сактоону автоматтык түрдө каттайт.