Бүгүн, 11-сентябрда Талас облусунда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгы белгиленип, бир катар социалдык объектилер ачылат.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча өлкө боюнча 105 социалдык объект жана 60 ишкана онлайн форматта пайдаланууга берилет.
Ал эми Талас шаарындагы майрамдык салтанатка жалпысынан 450 өнөрпоз катышат.
Майрамдык иш-чара борбордук аянтта өтүп, программанын алкагында көрүүчүлөргө атайын даярдалган театралдаштырылган көрсөтүү жана Ата мекендик жылдыздардын катышуусунда чоң майрамдык концерт тартууланат.