Лионель Месси дагы бир испаниялык футбол клубун сатып алды
Лионель Месси экинчи испаниялык клубду сатып алууда. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.
Испаниянын экинчи лигасынын «Эльденсе» клубу билдиргендей, легендарлуу аргентиналык футболчу клубдун мажоритардык акционери болуу боюнча «алдын ала макулдашууга» жетишти. Апрель айында ал каталониялык «Корнелья» клубун сатып алган болчу.

39 жаштагы Месси — футбол тарыхындагы эң улуу оюнчулардын бири деп эсептелген спортчу Аргентинадан Испанияга 13 жашында көчүп кетип, «Барселонанын» негизги курамында 2004-жылдын октябрында, 17 жашында дебют жасаган.
Кийинчерээк ал 2021-жылы франциялык «Пари Сен-Жерменге», ал эми 2023-жылы америкалык «Интер Майами» клубуна өткөнгө чейин, клуб үчүн рекорддук 778 матчта 672 гол киргизген. Жакында эле улуттук курама командадагы карьерасын аяктады.