USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын каржылык сабаттуулугунун индекси 4 жылда 59 пайызга чейин өстү

09:00, 11 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк көптөн күткөн 2025-жылдагы Кыргызстандагы чоңдордун каржылык сабаттуулугу боюнча сурамжылоосун август айында жарыялады жана анын жыйынтыктары оптимисттик көз карашка негиз болууда. Төрт жылдын ичинде каржылык сабаттуулуктун курама индекси 55,4 пайыздан 59 пайызга чейин жогорулады. Айрыкча, кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоодо каражатын башкаруусунда байкалаарлык өзгөрүүлөр бар.

Калктын каржылык сабаттуулугу — туруктуу экономикалык өсүштүн зарыл болгон спутниги. Бул түшүнүк финансылык инструменттер жана акчаны башкаруунун принциптери тууралуу билимди, адамдын финансылык жүрүм-турумун жана анын каржыга болгон мамилесин камтыйт.

Дал ушул үч компонент акыр аягында адамга каржылык бакубаттуулукка жетүүгө жардам берет. Адам өзүнүн учурдагы милдеттемелерин аткара билет, келечегин пландап, өзүнүн каржылык абалына ишенимдүү боло алат.

Ийгиликтин негизги көрсөткүчтөрү

Кыйла жогорку натыйжа — каржылык жүрүм-турум боюнча 69 пайыз катталган. Бул көрсөткүч финансылык сабаттуулуктун үч негизги аспектисин камтыйт: жеке финансыларды топтоо жана узак мөөнөттүү пландаштыруу көндүмү, сатып алууларды ойлонуп тандоо жана өзүнүн финансылык абалын кылдат көзөмөлдөө. Бул көндүмдөр кыргызстандыктар арасында канчалык кеңири тараганын аныктоо үчүн бир катар суроолорду бериш керек болду. Сурамжылоодон өткөндөр узак мөөнөттүү финансылык максаттарды коёбу, акча топтойбу, финансылык продукт жана кызматтарды сатып алардан мурда ар кандай варианттарды салыштырабы, чыгымдарын көзөмөлдөйбү жана эсептерин өз убагында төлөйбү — деген суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында орточо көрсөткүч мүмкүн болгон 9 баллдын ичинен 6,2 баллды түздү. 2021-жылы бул көрсөткүч төмөн болуп — 5,9 баллды түзгөн.

Эң жогорку жыйынтык каржылык жүрүм-турум боюнча катталды — 69 пайыз

Кыргызстандык жарандардын өсүшү айрыкча каржылык жүрүм-турумдун кийинки компоненттеринде байкалат. 2025-жылы суралгандардын 93 пайыз эсептерди өз убагында төлөөрүн, 83 пайыз өз каржысын кылдаттык менен көзөмөлдөй тургандыгын жана ошончосу узак мөөнөттүү каржылык пландарды алдыга коёрун билдиришкен. Ал эми сатып алууларын кылдаттык менен карап чыккандардын үлүшү — 79 пайыз түзгөн. 2021-жылы бул көрсөткүчтөр көп позициялар боюнча төмөн эле.

Жыйынтыктын кийинки деңгээли — кыргызстандыктардын каржылык билими. 2025-жылы сурамжылоого катышкандар бул жаатта максималдуу 56 пайыз баллга жетишкен. Бул көрсөткүч жарандын негизги каржылык түшүнүктөрдү канчалык деңгээлде билгенин жана аларды белгилүү бир тапшырмаларды чечүү үчүн колдоно аларын чагылдырат. Изилдөөгө катышкандарга негизги финансылык түшүнүктөргө байланышкан жети суроо берилген: акчанын убактылуу наркы, пайыздарды эсептөө, инфляция, тобокелдик жана кирешелүүлүк, диверсификация жана башка финансылык башкаруунун негизги принциптери. Анын жыйынтыгы туура жооптордун санына жараша эсептелген: ар бир туура жооп бир упайга ээ болуп, анын суммасы мүмкүн болгон максималдуу баллдын пайызына айландырылган. Финансылык билимдин максаттуу деңгээлине жетүү үчүн минималдуу босого жети жооптун бешөөсүн түзгөн. 2025-жылы изилдөөгө катышкандардын 34 пайыз бул босогодон ашкан. 2021-жылы бул тапшырманы болгону 22 пайыз өздөштүрүшкөн.

Ошондой эле изилдөө Кыргызстандагы финансылык сабаттуулуктун учурдагы деңгээлинин маанилүү мүнөздөмөсүн аныктады: сурамжылангандар эсептөө маселелерине караганда, финансылык түшүнүктөрдү текшерген суроолор боюнча жакшыраак натыйжа көрсөтүшкөн.

2025-жылы респонденттер «каржылык билимдер» багыты боюнча максималдуу баадан 56 пайызга ээ болушту

Финансылык сабаттуулуктун үчүнчү компоненти — акчага болгон мамиле — 2025-жылы 42 пайызды түздү. Бул көрсөткүч адамдын узак мөөнөттүү финансылык бакубаттуулукка канчалык деңгээлде көңүл бургандыгы, келечекке план түзүүгө даярдыгы жана финансылык чечимдерине аң-сезимдүү мамиле кылгандыгы менен байланыштуу. Бул көрсөткүчтү талдоо үчүн сурамжылоого катышкандардан жеке каржы жөнүндө бир нече билдирүүлөрдү баалоо сунушталган. Тактап айтканда, изилдөөдө кыргызстандыктардын каржылык келечегин пландаштырууга даярдыгы, акчаны үнөмдөө аракети жана сатып алууларды кылдаттык менен карап чыгуу адаты бааланган. Алынган жооптор калктын олуттуу бөлүгүнүн узак мөөнөттүү каржылык максаттарды жана өз каражаттарына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырып жатканын далилдеп турат. Ошол эле учурда, дал ушул компонент калктын каржылык маданиятынын андан ары өсүшү үчүн эң чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Финансылык сабаттуулуктун үчүнчү компоненти: каржыга болгон мамиле — 2025-жылы 42 пайызды түздү

Айрыкча эл аралык салыштырууда Кыргызстандын жыйынтыктары таң калыштуу көрүндү. Каржылык сабаттуулуктун 59 пайыз деңгээли Кыргызстанды экономикасы өнүккөн өлкөлөр менен бир катарга коёп жатат. Мисалга алсак, Кыргызстан Италияны 53 пайыз, Панаманы 55, Чилини 56 пайыз, Коста-Риканы 56 пайыз, Литваны 56 пайыз, Венгрияны 58 пайыз жана Уругвайды 58 пайыз басып өттү.

Көрсөткүчтүн бул өсүшүн кыргызстандыктар акчасын чындап эле жакшы башкарып калганынын далили — деп саноого болобу? Ошондой эле, бул — Кыргызстан жакында каржылык сабаттуулук рейтингинде ашып өткөн өлкөлөргө экономикалык жактан да жете алат, деген үмүттү береби?

Биз бул суроолорду экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюповго узаттык.

Кесипкөй адистин пикири

«Көрсөткүчтүн 55,4 пайыздан 59 пайызга чейин өсүшү — бул жакшы натыйжа. Анын үстүнө, калктын финансылык жүрүм-турумунда олуттуу ийгиликтерге жетишилгени өзгөчө прогресс. Эл чыгымдарына көбүрөөк көңүл буруп, эсептерди өз убагында төлөп, келечекти пландаштыра баштады. Бул туруктуу финансылык адаттардын калыптанганынан кабар берип жатат», — деп белгиледи Асылбек Аюпов.

Анын айтымында, кийинки кадам — бул топтолгон билимди иш жүзүнө ашырууну үйрөнүү.

Финансылык сабаттуулук — бул жөн гана терминдерди билүү эмес. Адам санаганды, насыя боюнча канча төлөп, аманат боюнча канча ала турганын эсептей билиши, тобокелдиктерди баалап жана эң ылайыктуу инструментти тандай билиши керек. Бул жерде Кыргызстандын өсүшү үчүн жакшы потенциал бар

Асылбек Аюпов эксперт

Аюповдун пикири боюнча, эл аралык салыштыруулар да оптимизмге негиз боло алат.

«59 пайыз — бул абдан сыймыктуу көрсөткүч. Кыргызстандын финансылык сабаттуулук деңгээли өнүккөн экономикасы бар көптөгөн өлкөлөргө караганда жогору турушу бизде андан ары өсүү үчүн жакшы негиз бар экенин көрсөтүп турат. Системалуу иш жүргүзүү менен биз акырындап андан да жогору чыга алабыз. Бул үчүн бизде акчаны натыйжалуу башкарууну үйрөтүү демилгелери жагынан да, Кыргызстандын экономикасынын өзүнүн өсүү темпи жагынан да жакшы база бар», — дейт ал.

Мындан сырткары экономист Улуттук банктын агартуучулук ишине да жогору баа берди.

«Акыркы жылдары Улуттук банк коомчулукту каржы маселелери боюнча агартуу үчүн ири иштерди жасап жатат. Элге татаал финансылык маселелери системалуу түрдө түшүндүрүлүп, каражат топтоо маданиятын жана акчаны башкаруу жоопкерчилигин өнүктүрүүдө. Менимче бүгүнкү жыйынтыктар бул иштин зарылдыгын айрыкча тастыктап турат», — деп жыйынтыктады Асылбек Аюпов.

Улуттук банк Кыргызстанда финансылык билим берүүнү үзгүлтүксүз негизде өнүктүрүп келет: өлкө боюнча билим берүү иш-чараларын өткөрөт; мектеп окуучулары жана студенттер менен иш алып барат; мамлекеттик кызматкерлерди жана мигранттарды окутат; топтоо, насыялар, инвестициялар жана финансылык коопсуздук тууралуу материалдарды чыгарат. 2021—2025-жылдары «Дүйнөлүк акча жумалыгы» жана «Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнүн» алкагында 3,2 миңден ашык иш-чара өткөрүлүп, жылдык отчеттор боюнча ишчарага түз катышкандардын жалпы саны кеминде 215 миң адамды түзгөн. Ошондой эле Улуттук банктын «Финсабат» порталында да үй-бүлөлүк бюджет, жыйым топтоо, инвестициялар жана финансылык коопсуздук тууралуу окуу материалдары жана кыска видеороликтер үзгүлтүксүз жарыяланып турат: 2025-жылы эле 500дөн ашык материал жайгаштырылып, алар 1,2 миллион ашык көрүүгө ээ болгон.

Изилдөөнүн толук версиясы менен «Финсабат» сайтынан таанышууга болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18