USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чет өлкөлүккө үй сатсаң — жерди мамлекетке өткөрөсүң. Мыйзам долбоору жазылууда

15:38, 10 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга кыймылсыз мүлк сатуу эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Эгер сатыла турган объект жайгашкан жер тилкеси сатуучунун жеке менчигинде болсо, келишим түзүү үчүн ал жерди же жер үлүшүн акысыз түрдө мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө тийиш болот. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов сунушташкан.

Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк сатып алуучу имаратты, үйдү же батирди менчикке алат, ал эми анын алдындагы жерди убактылуу гана пайдалануу укугуна ээ болот.

Баштапкы мөөнөт 20 жыл болот. Белгиленген талаптар сакталса, мөөнөт дагы 20 жылга, андан кийин акыркы жолу 10 жылга узартылышы мүмкүн. Андан ары узартууга жол берилбейт.

Эгер кыймылсыз мүлк кийин башка чет өлкөлүк жаранга сатылса, жерди пайдалануу мөөнөтү кайра башталбайт. Жаңы ээси калган мөөнөт ичинде жерди пайдалана алат.

Көп кабаттуу үйдөгү батир сатылган учурда мамлекетке же муниципалитетке сатуучуга тиешелүү жер үлүшү гана өткөрүлүп берилет. Калган батир ээлеринин өз жер үлүштөрүнө болгон укуктарына бул өзгөртүү таасир этпейт.

Кыймылсыз мүлктүн сатып алуучуга өтүшү, жердин өткөрүлүшү жана аны пайдалануу укугун каттоо бир убакта жүргүзүлүүгө тийиш. Эгер келишим мамлекеттик каттоодон өтпөсө, жер тилкесине болгон менчик укугу сатуучуда сакталат.

Эгер объект кийин бул жерге менчик укугу бар адамга сатылса, жер тилкеси же анын тиешелүү үлүшү кайрадан жеке менчикке өтөт. Бул үчүн аукцион өткөрүү, менчиктештирүү же мамлекетке акы төлөө талап кылынбайт. Мындай тартип чет өлкөлүк жаранга сатылганга чейин жеке менчикте болгон жерлерге карата колдонулат.

Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктү жана ага байланыштуу жер укуктарын бир жылдын ичинде инвентаризациялоо сунушталууда.

Эгер жаңы тартипке кирген жер тилкесинин чет өлкөлүк жаранга жеке менчик катары катталганы аныкталса, ага билдирүү жөнөтүлүп, укугун ыктыярдуу түрдө кайра каттоого алты ай берилет.

Эгер жаран баш тартса, маселе сот аркылуу чечилет. Каттоо органы катталган менчик укугун өз алдынча токтото албайт. Мыйзамдуу өзгөчө негиздерде пайда болгон айрым укуктар үчүн өзгөчөлүктөр каралган.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, учурдагы мыйзамдар имарат чет өлкөлүк жаранга сатылгандан кийин анын алдындагы жер кимге таандык болору жана ага байланыштуу укуктар кандай тартипте каттала турганын жетиштүү деңгээлде так жөнгө салбайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18