Хирург робот: Өлкөдө биринчи роботтоштурулган хирургиялык система көрсөтүлдү
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы биринчи роботтоштурулган хирургиялык системанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Катышуучуларга системанын иштөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов робот-хирургду өзү сынап көрдү. Анын айтымында, операцияны робот өз алдынча жасабайт, бардык аракеттерди хирург көзөмөлдөйт.
«Жабдуу дарыгерге хирургиялык аспаптарды так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жасоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле операция жасалып жаткан жерди 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө татаал операцияларда маанилүү», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда роботтоштурулган система өз алдынча чечим кабыл албайт жана дарыгерди алмаштырбайт. Операция учурундагы бардык негизги чечимдерди хирург өзү кабыл алат, ал эми технология ага кыймыл-аракеттердин тактыгын жогорулатууга гана көмөктөшөт.
КММАда жакынкы аралыкта академиянын клиникалык базасында роботтун жардамы менен операцияларды жасай баштоо пландалууда.
«Бул биздин медицина үчүн чоң жетишкендик. Биз заманбап хирургиялык технологиялар тарапка маанилүү кадам таштап жатабыз жана адистерибизге дарылоонун жаңы методдорун өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөбүз», — деп белгиледи Дамир Осмонов.
Анын айтымында, быйыл дагы бир роботтоштурулган хирургиялык система Улуттук энелик жана балдарды коргоо борбору үчүн сатылып алынууда. Тендердик процедура аяктады, жакынкы аралыкта жабдууларды жеткирүү күтүлүүдө.



