USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: Кырчында этношаарчанын ордуна көп жылдык газон себилет

11:40, 10 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тигилген боз үйлөр жана убактылуу инфраструктура чечилгенден кийин көп жылдык газон себилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, боз үйлөр жана убактылуу объектилер алынгандан кийин атайын даярдалган аянттарга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон чөбү себилет.

Көчмөндөр оюндары −2026: Кырчында боз үйлөр чечилгенден кийин көп жылдык газон себилет

Иштер министрлик тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлөт.

Ошондой эле «Шамал» фестивалынын катышуучулары аймакты жашылдандыруу иштерине катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18