Орусиянын окумуштуулары Кыргызстанда кооптуу инфекцияларды изилдешет
Россия Федерациясынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын амандыгы тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) Пастер атындагы Санкт-Петербург эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту мамлекеттик сатып алуулар сайтына Борбордук Азия өлкөлөрүндө популяциялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө конкурс жарыялады.
Жумуштун максаты — биоматериалдарды чогултууну, сактоону жана ташууну камсыз кылууну, лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүнү, чыгымдалуучу материалдарды жеткирүүнү жана IT-колдоону камтуу менен Закавказье жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкы арасында популяциялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналат.
Техникалык тапшырмага ылайык, изилдөөлөр Кыргызстанда жана Беларуста өтөт.
Ыйгарым укуктуу аткаруучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ар бир өлкөдө изилдөө жүргүзүү үчүн маалыматтык системаны иштеп чыгуу;
- 2026-жылдын 16-октябрынан 15-ноябрына чейин Кыргыз Республикасында популяциялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
- 2026-жылдын 16-ноябрынан 15-декабрына чейин Беларус Республикасында популяциялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү.
Кыргызстанда институттун кызматкерлери Талас, Каракол, Нарын, Ош, Манас жана Баткен шаарларында/аймактарында биоматериал алышат. Бул үчүн үлгүлөрдү чогултуучу 70 пункт уюштурулат.
Алынган үлгүлөр изилдөө жүргүзүү үчүн институтка жеткирилет.