Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина дүйнөнүн биринчи ракеткасы болду
Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина US Open-2026 турниринин чейрек финалында кытайлык Чжэн Циньвэньди 3:6, 6:1, 6:4 эсебинде жеңип алып, тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты.

Курч өткөн матчтын тагдыры үчүнчү айлампада чечилди. Эсеп 4:4 болуп турганда брейк жасаган Рыбакина толкунданууну жеңип, матч үчүн топту эң сонун киргизди. 2 саат 14 мүнөткө созулган оюн 3:6, 6:1, 6:4 эсебинде аяктады. Эйстердин эсеби — 5:7, кош каталар — 5:4, жалпы упайлар — 88:79.
Жарыштын жарым финалында Казакстандын өкүлү америкалык Коко Гауфф же россиялык Мирра Андреева менен ойнойт.
Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Елена Рыбакинаны дүйнөнүн биринчи ракеткасы наамын багындырышы менен куттуктады.
«WTA рейтингинин биринчи сабына чыгуу — бул сиздин феномалдуу талантыңыздын, зор эмгекчилдигиңиздин жана өзүңүзгө болгон бекем ишенимиңиздин аркасында багындырылган спорттук чоку. Бул тарыхый жетишкендигиңиз менен сиз казак спортун даңазалап, ысымыңызды дүйнөлүк теннис тарыхына жаздыңыз. Сиздин басып өткөн жолуңуз өлкөбүздөгү миңдеген жаш спортчулар жана планетанын бардык бурчтарындагы миллиондогон теннис сүйүүчүлөрү үчүн шыктандыруучу үлгү болуп саналат. Түрдүү адамдар менен баарлашууда кортордо да, коомдук жайларда да өзүңүздү жогорку маданиятта алып жүргөнүңүздү белгилей кетпей кое албайм, бул сиздин интеллектиңиздин жана тарбияңыздын айкын далили», — деп айтылат куттуктоодо.
Касым-Жомарт Токаев Елена Рыбакинага чемпиондук маанайды сактап, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштоосун каалады.