USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шайлоону дайындоо мөөнөтү жылды. Депутаттар маселени 24-сентябрда карашат

10:35, 10 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 24-сентябрда карайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

«Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону парламент дайындайт — токтом кабыл алат. Менин маалыматым боюнча, Жогорку Кеңеш бул маселени 24-сентябрда карап, шайлоону 2027-жылдын 27-январына, шаршемби күнүнө дайындайт», — деди Шайназаров.

Мурдараак депутаттар шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карашы мүмкүн экени кабарланган. Мыйзамга ылайык, эгерде парламент токтом кабыл албаса дагы, шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Ошентип, шайлоо кандай болгон күндө да 27-январда өтүшү керек.

Шайлоону дайындоо жөнүндө токтом расмий жарыялангандан кийинки күнү президенттик шайлоого катышууну каалаган жарандар өз талапкерлигин көрсөтө алышат. БШКнын алдын ала календардык планына ылайык, үгүт өнөктүгү 22—23-декабрда башталат. Чыныгы план Жогорку Кеңеш токтом кабыл алгандан кийин бекитилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18