Талас облусунда мыйзамсыз казылган 124,8 килограмм эндик тамыры алынды
Талас облусунун Айтматов районунда эндик (арнебия) тамырын мыйзамсыз казуу фактысы аныкталды. Рейд учурунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министерствосунун Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери өсүмдүктүн 124,8 килограммын алынган.
Аталган факты боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, алынган эндиктин тамыры жана башка материалдар мыйзам талаптарына ылайык кароо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Айтматов районунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.