Киного кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Бишкекте Перизат Бакназарова изделүүдө
Бишкек шаарында 8-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткан 2007-жылы туулган Перизат Бакназарова изделүүдө. Бул тууралуу Ленин районунун ИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 18:35 чамасында кыз апасына киного бара жатканын айткан. Үйдөн чыгып кеткенден кийин ал телефон чалууларга жооп бербей калган.
Видеокөзөмөл камераларынын жазуулары боюнча Перизат Гоголь көчөсү менен Новопавловка тарапка бара жатканы аныкталган. Ал Гоголь көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан «Эконом» дүкөнүнүн жанынан көрүнгөн. Андан аркы жүргөн жери белгисиз.

Кыздын бою — 165–166 сантиметр, арык чырай. Ак футболка, кызгылт (розовый) жилет, көк джинсы шым жана ак кроссовка кийип жүргөн. Жанында кичинекей ак сумкасы болгон.
Перизаттын жүргөн жерин билген же анын кыймыл-аракети тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлерге чалууну суранышат: 0312563248, 0501757809, 0224214346 же 102.