Эсептөө палатасы Балыкчы бюджетинин аткарылышынан мыйзам бузууларды аныктады
Кыргызстандын Эсептөө палатасынын аудити Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышында 826,7 миллион сомдук мыйзам бузууларды тапты.
Эсептөө палатасы белгилегендей, аудит шаардын 2024—2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча жүргүзүлгөн.
Аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 776,5 миллион сомун аткаминерлер ордуна коюшу керек. Учурда анын 425,1 миллион сому кайтарылганы көрсөтүлгөн.
Мыйзам бузуулар мүлктүн сакталбашына, бюджетти түзүүдөгү бухгалтердик эсепке, ошондой эле бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча милдеттенмелерди алууга жана каражаттарды сарптоого байланыштуу болгон. Ошондой эле алар бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, курулуш иштеринде жана мамлекеттик сатып алууларда аныкталган.
Айрым фактылар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Ысык-Көл облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.
Эсептөө палатасы отчетту президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, Балыкчы шаарынын мэрине жана шаардык кеңештин депутаттарына жиберди.