USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда Баетов айылына жакын жерде үч жер титирөө болду

07:50, 10 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, кечээ Кыргызстанда үч жер титирөө катталды.

Алгачкы жер титирөө 9-сентябрда саат 11:54тө катталып, очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Орто-Сырт айылынан түштүк-батышты карай 20 чакырым, Баетов айылынан түштүк-батышты карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

Саат 22:37де сейсмологдор күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөөнү катташкан. Анын очогу да Кыргызстандын аймагында — Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышты карай 11 чакырым, Баетов айылынан батышты карай 31 чакырым аралыкта жайгашкан. Көчкөр-Дөбө (Көк-Жар), Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.

Саат 23:03тө Сейсмология институту очогунда күчү 3,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөөнү каттаган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышты карай 12 чакырым, Баетов айылынан батышты карай 31 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Көк-Жар, Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 3 балл, ал эми Үгүт, Ак-Тал, Кадыралы, Сары-Иймек, Кара-Ой, Байгенчек айылдарында 2,5 баллга жеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18