Чүй театры 36-сезонун ачат: Сентябрь айында кайсы спектаклдер коюлат?
08:30, 10 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры 24-сентябрда 36-театрдык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы сезондун ачылышы 24-сентябрда саат 18:30да өтүп, көрүүчүлөргө “Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы” спектакли тартууланат.

Ал эми 25-сентябрда саат 18:30да театрдын сахнасында “Арал” спектакли коюлат.