Америкалык легендарлуу боксчу Рой Джонс Ош шаарына келет
Америкалык легендарлуу боксчу Рой Джонс-кичүүсү Ош шаар күнүн белгилөөнүн алкагында 2026-жылдын 1-октябрынан 3-октябрына чейин өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечесинин ардактуу коногу катары келет.
Ири масштабдуу турнир түштүк борбордун мэриясынын колдоосу менен өтөт. Уюштуруучу катары Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасы чыгууда.
Эл аралык кечеге дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн келген эң күчтүү профессионал боксчулар катышат. Ош шаарына Россия, Франция, Корея Республикасы, Өзбекстан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Африка мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн спортчулар келишет. Өз жериндеги рингде Кыргыз Республикасынын намысын ата мекендик алдыңкы профессионал боксчулар коргошот.
Программада титулдук беттештер өзгөчө орунду ээлейт. Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири бокс уюмдары болгон WBA жана WBC чемпиондук курлары үчүн беттештер пландаштырылган. Кыргызстандык профессионал боксчулар чебер чет элдик атаандаштары менен рингге чыгып, кадыр-барктуу эл аралык титулдар үчүн күч сынашат. Лига өлкөдө профессионалдык боксту өнүктүрүү, эл аралык жана титулдук беттештерди уюштуруу, ата мекендик спортчуларды жылдыруу жана Кыргызстанга дүйнөлүк бокстун белгилүү өкүлдөрүн тартуу менен алектенет.
Үч күн бою көрүүчүлөрдү эл аралык беттештер, титулдук бокстор, кыргызстандык жана чет элдик алдыңкы профессионал боксчулардын беттештери күтөт.