USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек автобустары үчүн 13 миллион сомго айнек сатып алат

14:13, 09 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын автобустары үчүн 13 миллион сомдон ашык суммага айнек сатып алуу пландалууда. «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы ZhongTong жана Isuzu Citiport автобустарына айнектерди сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү билдирме мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Бишкек автобустары үчүн 13 миллион сомго айнек сатып алат

Андагы айнектердин басымдуу бөлүгү ZhongTong автобустарына арналган. Сатуучу арткы айнектерди, жүргүнчүлөр эшигинин айнектерин, сол жана оң жагындагы жылдырма терезелерди, айдоочу тараптагы терезелерди камсыз кылышы керек. Isuzu Citiport автобустары үчүн тизмеде 25 даана алдыңкы айнек ) дагы көрсөтүлгөн.

Тендердин катышуучулары Социалдык фондго жана салыктар боюнча карызы жоктугун ырастап, буйрутмачы менен аффилирленген мамилеси жоктугу тууралуу маалыматты жана бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле 2025-жыл үчүн финансылык отчетту же салык органы тарабынан кабыл алынган бирдиктүү салык декларациясын бериши керек.

Билдирмелер 15-сентябрга чейин кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18