Президент бийлик бутактарын өз ара кызматашуусун чыңдоого чакырды
Президент, Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылаарын белгиледи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Мамлекет башчысы парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
«Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгынын болушу — табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн. Бирок, кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин жыргалчылыгы турушу керек. Элибиз бизден курулай убадаларды эмес, натыйжаны, туура чечимди, жоопкерчиликтүү ишти күтөт», — деди президент.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты: экономика өсүүдө, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда, жолдор, мектептер жана социалдык объекттер курулууда. Муну менен катар өнөр жайды, энергетиканы, айыл чарбасын, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү, ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер уланууда.
«Бул максатка бийликтин бир гана бутагынын аракети менен жетишүү мүмкүн эмес», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Ал мамлекет президент, парламент жана министрлер кабинети өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтыктын негизинде иштегенде гана алдыга жыла аларын белгиледи.
Президент депутаттарды биринчи кезекте конкреттүү жыйынтыктарга көңүл бурууга чакырды.
«Элибиз бизден куру убадаларды эмес, натыйжаларды; талаш-тартыштарды эмес, туура чечимдерди, бири-бирибизди айыптоону эмес, жоопкерчиликтүү жумушту күтөт», — деп билдирди ал.