USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңеш Малик Бектургановдун башкы прокурорлукка талапкерлигин жактырды

11:43, 09 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Парламент Малик Бектургановдун башкы прокурор кызмат ордуна талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Кыргызстандын жаңы башкы прокурору тууралуу эмне белгилүү:

Малик Бектурганов 1974-жылы 17-декабрда Фрунзе шаарында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун «Кыргызстан» АКБнын Биринчи май бөлүмүндө юрист болуп баштаган.

1998-1999-жылдары Бишкек шаарынын эки районунда прокурордун стажёр-жардамчысы болуп иштеген. Кийин Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура органдарындагы кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору болгон. 2002-жылдан тарта Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын ички иштер жана прокуратура органдарындагы кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору болгон.

2002—2003-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун улук жардамчысынын милдетин аткаруучу, жардамчысы болгон.

2003-жылдан тартып — Бишкек шаардык прокуратурасынын ички иштер жана прокуратура органдарындагы кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн улук прокурору.

2003—2005-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн ички иштер жана прокуратура органдарындагы кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү секторунун улук прокурору болуп эмгектенген.

2005—2007-жылдары — Бишкек шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча секторунун башчысы. 2007-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болгон.

2007—2011-жылдары — Башкы прокуратуранын тергөөчүсү, андан кийин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү.

2011—2013-жылдары — Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө жана кылмыш-процесстик ишмердүүлүккө көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысы.

2013—2015-жылдары — Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн жана тергөө жүргүзгөн органдардын мыйзамдарды сакташына көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысы.

2018—2021-жылдары — Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары.

2021—2022-жылдары — Жалал-Абад шаарынын прокурору.

2022—2024-жылдары — Ош шаарынын прокурору.

2024-жылдын 7-июнунан тартып — Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары.

2026-жылдын февралында — Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалган.

2026-жылдын июнь айында — Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18