ЖК депутаты жалгыз бой энелерди жумуштан бир саат эрте кое берүүнү сунуштады
Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жалгыз бой энелерди жумуштан бир саат эрте кое берүү сунушун киргизди.
Эл өкүлүнүн айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө көптөгөн энелер турмуштун кыйынчылыктары менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болууда.
«Алар жумушта да иштеп, балдарына да кам көрүшү керек. Багуучу жалдаганга каражаттары жок болгондуктан, бардык оорчулук энелердин мойнуна жүктөлөт. Алар жөн гана аман калуунун айласын кылып жатышат. Тез-тез жумуштан уруксат сурап турууга туура келет. Менимче, Эмгек министрлигинин жаңы башчысы жалгыз бой энелерге жумуштан бир саат эрте кетүүгө уруксат берүү маселесин ойлонушу керек», — деди Дастан Бекешев.
Ошондой эле ал жаңы министрди бала асырап алуу процедураларын жеңилдетүүгө чакырды, анткени бүгүнкү күндө балдар үйлөрүндө балдар арбын.
«Ар бир баланын атасы жана энеси болушу керек. Сиздин милдетиңиз — балдар үйлөрүндөгү ар бир баланы үй-бүлө менен камсыз кылуу», — деп кошумчалады эл өкүлү.