USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЖК депутаты Баткен облусунда реабилитациялык борбор курууну сунуштады

11:19, 09 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атаджанов Баткен облусунда реабилитациялык борбор куруу зарылдыгын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, аймактагы майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан көптөгөн жарандар балдарын дарылатуу үчүн коңшу Өзбекстанга барууга аргасыз болууда.

«Алар балдарын Бишкекке же Ысык-Көлгө алып баруу алыс экенин айтышууда. Облуста реабилитациялык борбор куруу маселеси курч турат. Мындай борборлорду уюштурууга боло турган имараттар бар же жаңысын курса болот. Бирок майыптыгы бар балдарга сөзсүз жардам берүү керек», — деди Ырысбек Атаджанов.

Ошондой эле башка депутаттар дагы Бишкекке келип, борбор шаарда узак убакыт жашаганга көбүнүн шарты жетпей турганын белгилешип, өлкөнүн бардык аймактарында реабилитациялык борборлорду куруу маселесин көтөрүштү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18