Жогорку Кеңеш эки жаңы министрдин талапкерлигин жактырды
Парламент эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Алмаз Имангазиевдин, ал эми юстиция министри кызмат ордуна Алмаз Айылчиевдин талапкерлигин жактырды. Алардын талапкерликтери Президенттин сунуштамасы менен Жогорку Кеңештин макулдашуусуна киргизилген.

Буга чейин Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлеп келген. Бул кызматка ал 2022-жылдын ноябрь айында дайындалган. Мурда ТИМдин Консулдук кызмат департаментин жетектеп келген. Алмаз Имангазиев — белгилүү дипломат. Ар кайсы жылдары ал консулдук иштер, чет өлкөдөгү Кыргызстан жарандарынын укуктарын коргоо, миграция жана мекендештер менен өз ара аракеттенүү маселелери менен алектенген. Ошондой эле саясий илимдердин кандидаты болуп саналат.

Алмаз Айылчиев буга чейин Мамлекет башчысынын администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары — укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Эл өкүлдөрүнүн сунуштары менен чакырыктары:
Гүля Кожокулова: Эмгек министрлигинин жаңы башчысын майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштурууга өзгөчө көңүл бурууга жана аларды колдоо үчүн атайын мамлекеттик программаны иштеп чыгууга чакырды.
Улан Примов: Жакырчылык боюнча жөлөкпулдарды дайындоо системасын кайра кароого чакырды. Ал малы же автоунаасы бар болгону үчүн көбү жөлөкпул ала албай жатканын, бирок ошол эле учурда көптөгөн үй-бүлөлөрдүн материалдык абалы төмөн бойдон калып жатканын белгиледи.
Салтанат Аманова: Интернатты аяктагандан кийин көчөдө калган жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо маселесине тынчсыздануусун билдирип, аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү талап кылды.
Жылдыз Курманалиева: Юстиция министрин Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө көңүл бурууга чакырды. Анын пикиринде, бүгүнкү күндө айлыктын өтө төмөндүгүнөн улам коррупциялык учурлар келип чыгууда.
Илимбек Кубанычбеков: Эмгек министрлигинин башчысын бүгүнкү күндө көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жаткан Россиядагы эмгек мигранттарынын маселелерин ыкчамраак чечүүгө чакырды.