USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

08:40, 09 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

Көл жээгинде кечээ мелдештердин расмий ачылыш аземи өттү.

Эл аралык оюндар спорттун 21 түрү боюнча өтүүдө. Мелдешке Кыргызстандан сырткары Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Литва, Германия, АКШ, Иран, Корея жана Монголиядан келген спортчулар катышууда.

Спортчулар ар кандай спорттук дисциплиналар боюнча күч сынашууда.

«Ысык-Көл» турнири спортчулардын ортосунда тажрыйба алмашуу, эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо жана аймактагы спорттук иш-чараларды өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Оюндар 12-сентябрга чейин уланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18