USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргыз улуттук драма театрынын сентябрь айындагы репертуары

08:30, 09 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры 100-театрдык сезондун алкагындагы сентябрь айына карата репертуарын сунуштады.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы сезондо көрүүчүлөргө мазмундуу, кызыктуу жана терең мааниге ээ спектаклдер тартууланат. Сахнада коюлган ар бир чыгарма адам тагдырын, турмуштук баалуулуктарды жана коомдогу маанилүү маселелерди чагылдыруу менен көрүүчүлөргө өзгөчө таасир тартуулайт.

Сентябрь айында өтүүчү спектаклдердин бардыгы саат 19:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сомду түзөт.

Көрүүчүлөр билеттерди @ticket.kg жана kassir.kg платформалары аркылуу онлайн сатып ала алышат. Ошондой эле кошумча маалымат алуу үчүн театрдын кассасына (0550) 557-255 номери аркылуу кайрылууга болот.

Театр көрүүчүлөрдү спектаклдерге белгиленген убакыттан кечикпей келүүгө чакырат. Спектаклдер өз убагында башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18