USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баткенде эки айда электроцикл айдаган эки өспүрүм каза болду

15:47, 08 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда акыркы эки айдын ичинде электроцикл башкарган 14 жаштагы эки өспүрүм жол-транспорт кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу аймактык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Биринчи окуя Баткен районунун Кызыл-Бел айылында орун алган. Электрдик трицикл айдап бараткан 14 жаштагы өспүрүм унаа менен кагылышып, каза болгон.

Экинчи жол кырсыгы Баткен районунун Орто-Боз айылында катталган. Электрдик трицикл башкарган дагы бир 14 жаштагы өспүрүм жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнө чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен каза тапкан.

Башкармалыктан белгилешкендей, акыркы учурда облуста скутер, мопед жана электрдик трицикл айдоочулары тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөн.

Эскерте кетсек, июнь айында Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынган. Документ жеке мобилдик каражаттар үчүн жаңы эрежелерди киргизип, ошондой эле мопеддерди, скутерлерди жана электроскутерлерди милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүнү жана А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алууну караштырган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18