Финляндия Орусия менен чек арасына 200 чакырымдык тосмо курду
Финляндия өлкөнүн Орусия менен болгон чыгыш чек арасын бойлой узундугу 200 чакырымга жеткен тосмонун курулушу аяктады. Бул тууралуу басма сөз жыйынында ички иштер министри Мари Рантанен билдиргенин Yle кабарлайт.
Тосмо Хельсинкиге 380 миллион еврого турду. Мари Рантанен мындай долбоорлорду каржылоо үчүн Европа Биримдиги чыгыштагы мүчө мамлекеттерге каражат бөлүшү керектигин белгиледи.
НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Финляндия Орусия менен эң узун чек арага ээ. Анын узундугу 1,3 миң чакырымдан ашат. Курулган тосмо азырынча жалпы чек аранын 15 пайызын гана жабат.

