ЖК комитети Алмаз Имангазиевдин эмгек министри кызматына талапкерлигин жактырды
Бүгүн комитеттин жыйынында депутаттар Имангазиев Алмаз Кулубековичтин талапкерлигин министрлик кызматка дайындоого макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү маселесин карашты.

Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча комитет Алмаз Имангазиевдин талапкерлигин жактырып, маселени парламенттин кароосуна жөнөттү.