Аяз Баетов башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп мамлекет башчысынын администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары — укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Мындан тышкары, Бакыт Нурудинов президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары — укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.