USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкектин Ганди көчөсүндө жол кыймылына чектөө кирет

09:03, 08 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 8-сентябрдан тарта Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү багыттарды тандоо өтүнүчү айтылды.

Кыймыл толугу менен качан калыбына келтирилери азырынча айтыла элек. Тилкенин ачылышы оңдоо иштеринин жүрүшүнөн жана аякташына байланыштуу болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18