Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт
11-сентябрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдирди.
Иш-чара саат 09:00дө Кыргыз улуттук «Манас Ордо» этнографиялык комплексинде өтөт.
Республикалык айтыштын негизги максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн кеңири жайылтуу, улуттук оозеки чыгармачылыктын салттарын улантуу, жаш муундар арасында айтыш өнөрүнө болгон кызыгууну арттыруу жана эгемендүү Кыргызстандын жетишкендиктерин көркөм сөз аркылуу даңазалоо.

Айтышка катышуучулар:
- Абдылда Нуралиев
- Баян Акматов
- Сапарбек Зулпуев
- Шайлообек Отунчиев
- Нурсултан Абдикаримов
- Болот Назаров
- Арген Биймырза уулу
- Мамбеттокто Мамбеторозо
- Нурайым Бактияр кызы
- Жамайка Токонова
- Турат Жумаев
- Ажибек Дүйшө уулу
- Мундузбек Борончуев
- Кадырбек Бейшенов
- Тынчтык Эсенбай уулу
- Темирбек Матыбаев
Иш-чаранын жүрүшүндө акындар төгүп ырдап, өлкөнүн тарыхы, эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөр, улуттук баалуулуктар, мекенчилдик жана элдин биримдиги тууралуу өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Республикалык айтыш кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан төкмөлүк өнөрүн даңазалаган маданий иш-чаралардын бири болуп, улуттук чыгармачылыкты сактоого жана өнүктүрүүгө багытталат.