USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Министрлер кабинети 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулатуу тартибин бекитти

08:15, 08 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө" токтомуна кол койду.

Токтом президенттин 2026-жылдын 10-августундагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди.

Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18