Балыкчыда алыс аралыкка так атуу боюнча эл аралык турнир өтөт
Балыкчыда алыс аралыкка так атуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы кабарлайт.
Мелдештер 12-13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ок атуу аянтында өтөт. Мелдешти Кыргызстандын Атуу спорту федерациясы жана Россиянын алыс аралыкка атуу федерациялары уюштурууда.
Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустан 40тан ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Мергенчилер 1 миңден 1 миң 600 метрге чейинки аралыкта чеберчилигин көрсөтүшү керек.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча бекитилген квалификациялык нормативдерди аткарган спортчулар колдонуудагы талаптарга жана мелдештин жобосуна ылайык «спорт чеберчилигине талапкер» же «спорт чебери» деген спорттук наамдарды алууга претензия кыла алышат.