USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

2025-жылы үйүнөн чыгып кетип жоголгон Руслан Усупов табыла элек

13:25, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Сокулук райондук ИИБ 1987-жылы туулган Усупов Руслан Рашитбековичтин жүргөн жерин аныктоого көмөктөшүүнү жарандардан суранат. Ал жакындары менен байланышы үзүлгөндүктөн издөөдө жүрөт.

Колдо бар маалыматтарга караганда, 2025-жылдын 6-январында Руслан Усупов Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жангарач айылындагы үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери жакындары менен байланышка чыккан эмес. Учурга чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Жоголуу фактысы боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш козголгон.

Сокулук райондук ИИБ жарандарга кайрылат: «Эгерде сиз анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз же аны 2025-жылдын 6-январынан кийин көргөн болсоңуз, тезинен кабарлап коюуну суранабыз. Маалымат берүү үчүн байланыш телефондору: 102 же 0508010882».

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18