USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Батирлерди оңдоп берем деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды

11:25, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

14-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнин тергөө кызматына Н.С. аттуу жаран кайрылган. Ал М.А. аттуу жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Анын айтымында, 21-майда ал киши Гагарин көчөсүндө жайгашкан батирди баштан аяк оңдоп берүү тууралуу келишим түзгөн. Келишимдин суммасы 736 миң сомду түзгөн.

Арыздануучу ал киши аны алдап, ишеничине кирип кеткенин ырастоодо.

Андан кийин шектүү Н.С. аттуу жарандан накталай 700 доллар жана банктык эсепке 159 миң 585 сом өлчөмүндө алдын ала төлөм алган. Ошентип, жалпысынан 220 миң 800 сом суммасындагы акча каражатын ээлеп алып, убада кылган жумуштарды аткарбай, качып кеткен.

Шектүү

Мындан тышкары, ички иштер органдарына ушуга окшош аракеттерден жабыркаганын билдирип 10дон ашык жаран кайрылган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталууда.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнин кызматкерлери 1997-жылы туулган С.Н. аттуу шектүү жаранды аныктап, кармашты. Ал тергөө кызматына жеткирилип, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин тартибинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Биринчи май райондук ИИБ шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды, ошондой эле анын аракеттеринен жабыркашы мүмкүн болгон адамдарды ички иштер органдарына тиешелүү арыз менен кайрылууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18