USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мектепке кабыл алуу. Биринчи класска жазылуунун акыркы жумасы калды

10:30, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мектептерине 143,3 миң бала биринчи класска жазылды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкек шаарында 25,4 миң бала мектепке кабыл алынды. Анын ичинде 13,5 миңге чукул орун кыргыз тилинде окутуучу класстарда, 11,9 миңден ашыгы — орус тилиндеги класстарда ээленди. Борбор калаада 990го чукул орун бош турат.

Ош шаарында 10,6 миң бала катталды, анын ичинде кыргыз тилинде окутуучу класстарга — 2,7 миңге чукул, орус тилинде — 7,5 миң, өзбек тилинде — 410 бала. Түштүк борбордун мектептеринде 2,2 миң орун бош калууда.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. Дагы 50 миң орун бош турат.

Биринчи класска электрондук жазылуу 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда каттоодо турган жери боюнча эмес, бош орундар калган мектептерге каттоого болот.

Кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;

алынган эмдөөлөр (прививкалар) тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.

Окуу жылы 15-сентябрда башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18